Диверсия жасоого даярдык көргөн, бирок кийин ниетинен баш тарткан жана бул сыяктуу кылмыштарды бөгөттөөгө көмөк көрсөткөн кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
Бүгүнкү күндө Беларусь Европадагы жана КМШдагы өлүм жазасы колдонулган жападан жалгыз өлкө.Калкты каттоо жана демография менен алектенген World Population Review (WPR) уюмунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын аягында өлүм жазасы дүйнөнүн 55 өлкөсүндө, анын ичинде АКШ, Кытай, Ооганстан, Индия, Иран, Бразилия, Куба, Чили, Тайвань, Таиланд, Сингапур жана Японияда сакталып калган.

Супер-Инфо
super.kg видео

Беларуста 25-марттан тарта мамлекеттик чыккынчылык үчүн өлүм жазасы күчүнө кирет. "Кылмыш жоопкерчилиги маселелери боюнча кодекстерди өзгөртүү жөнүндө" мыйзамга өлкө президенти Александр Лукашенко кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.















