super.kg logo

Депутат: "Жаныбек Абиров менен жабыркаган жаран элдешти"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров сабаган жаран тосмо арызын жазып, тараптар элдешти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 15-мартта депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

Анын пикиринде эркектердин баары эле мушташат, болгону коомчулукка чыгып кеткени чуу жаратууда.

"Мен бүгүн уктум, жабырлануучу тарап тосмо арызын жазып, тараптар жарашыптыр. Эми жарашкандан кийин аны кайра козутуунун кереги жок. Бирок анын кылганын туура эмес деп эсептейм", - деди Коргонбай уулу.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Ал эми мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги айтылып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылган болчу.

Октябрь РИИБи Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз түшкөнүн маалымдаган.

Президенттин маалымат катчысы Садыр Жапаровго депутат катышкан мушташ боюнча маалымат берилгенин билдирген. 13-мартта Бишкек ШИИББи калаадагы ресторандардын биринин жанынан массалык мушташка катышканга шектүү катары эки жаран кармалганын маалымдаган.

Кечээ, 14-мартта Башкы прокурор парламентке Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама жөнөткөн.






Жабырлануучу Жаныбек Абиров кечирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: