Түркияда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү (видео)

Түркиянын Шанлыурфа провинциясында нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, оорукананы суу каптап, мектептерде сабактар токтотулганын Habertürk телеканалы билдирди.
"Шанлыурфада жааган нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен көптөгөн аймактарда сел жүрдү. Айдоо аянттарын, көптөгөн үйлөрдү жана жумуш орундарын суу каптады. Шанлыурфа окуу жана изилдөө ооруканасынын тез жардам бөлүмүн суу каптап, бейтаптар жогорку кабаттарга чыгарылды", - деп билдирди телеканал.
Провинциянын губернатору Салих Айхан нөшөрлөгөн жамгырдан улам Эюбия окуу жана изилдөө ооруканасынын жандандыруу бөлүмүн суу каптаганын айтты. Учурда жер төлөлөр тазаланып, 25 бейтап башка ооруканаларга которулду.
Түркияда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.