super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Анкарага учуп кетти. Президентти коштоп кеткендердин тизмеси

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта Анкара шаарына Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкө башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.

Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

-Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев;

-Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

-Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдырахманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: