super.kg logo

Жаныбек Абиров кандай жаза алат жана ага тосмо арыз жардам береби? Юрист жооп берди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тосмо арыз алса мыйзам боюнча иши кыскарат. Бул тууралуу юрист, жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

"Бул 280-берене (бейбаштык). Мурдагы кодекс өзгөрө электе бул беренеде топ адамдар тарабынан сабалып, мурду же башка жери сынса тосмо арыз дагы жарабачу, мындайча айтканда камалып кетчү. Азыр кодекс өзгөртүлүп, бул берене жеңилдетилген. Азыркы кодекс боюнча 280-берененин жазасы 50 миңден 100 миңге чейин айып же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Бул өтө оор эмес кылмыштар болуп саналат. Буга тосмо арыз же тараптардын элдешүүсү болсо, бул иш кыскарат. Биз кандай айтсак дагы бул жактагы кодексибизде айтылып жатат. Демек, тосмо арыз менен иш кыскартылат", - деди Шердор Абдыкапаров.

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу SUPER.KG порталына Жаныбек Абировго жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып бергендигин билдирген.


кошулду





Жаныбек Абиров кандай жаза алат жана ага тосмо арыз жардам береби? Юрист жооп берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: