super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет экология министрлигине Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды

 

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна сунушталган Мелис Тургунбаевдин талапкерлигине макулдук берүү маселесин карады.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, жыйында талапкер тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

"Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова дүйнө жүзүндө экология маселеси негизги көйгөй болуп жатканын белгилеп, андыктан аталган тармакка өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады. Муну менен катар министрликке сунушталган талапкер көрсөтүлгөн ишенимди актайт деп үмүттөнөрүн билдирди. Ал эми комитеттин төрагасынын орун басары Замирбек Мамасадыков жер казынасын пайдалануу жана кендерди иштетүүгө лицензия берүү жаатындагы чечилбеген көйгөйлөр көп экенине токтолду", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында тармактык комитет сунушталган талапкердин дайындалышына макулдук берүү маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, кечээ жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна Мелис Тургунбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: