super.kg logo
  Саясат  

Президенттин Түркияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

 

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга 15-16-мартта болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анын алкагында Анкара шаарында Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка чөйрөлөрдө байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Иш сапарынын экинчи күнүндө мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин (ТМУ) кезексиз жыйынына катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөдө аймактык кызматташтык заманбап мамлекеттер аралык мамилелерде кыйла таасирдүү жана натыйжалуу куралга айланып баратканын белгиледи.

Ал белгилегендей, кыргыз тарап Уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүүгө чоң маани берет. Катышуучу мамлекеттердин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли сакталып турат.

ТМУ катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында жыйынтыктоочу декларацияга жана башка документтерге кол коюлду.

17-мартка караган түнү президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: