Кадамжайда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбек жараны кармалды
Кадамжайда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 51 жаштагы Өзбек жараны К.Ш. чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, Кыргыз өлкөсүндө жашап, иштеп жүргөнү аныкталган.
Ага карата Кылмыш-жазык кодексинин 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү), 168-берене (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.