super.kg logo

Сокулукта бир тууган эже-инини унаа сүзүп кетти

 

Чүйдүн Сокулук районунда айдоочу эки баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти.

Жабырлануучулар бир туугандар: эжеси менен иниси экени айтылды.

Маалымдалгандай, окуя ушул жылдын 8-мартында болгон. Анда болжол менен саат 19:51 чамасында Военно-Антоновка айылынын Фрунзе жана Токтогул көчөсүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу кара түстөгү унаасы менен жолдо өтүп бара жаткан эки өспүрүмдү сүзүп кеткен. Андан соң окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Натыйжада 2012-жылы туулган Д.А жана 2017-жылы туулган Д.З аттуу бир туугандар Сокулук аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Жогоруда аталган кылмышка шектелип 1985-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалды. Ага таандык ВАЗ-21120 үлгүсүндөгү унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилди.






Сокулукта бир тууган эжеси менен инисин сүзүп кеткен 38 жаштагы айдоочу кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: