super.kg logo

Гурбангулы Бердымухамедов Эрдоганды "Нобель" сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады

 

Түркмөнстандын элдик Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде сүйлөп жатып, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды "Нобель" тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу Анадолу басылмасы жазды.

Түркмөнстандык саясатчы ошондой эле Түркмөнстан жакында Түрк мамлекеттер уюмунун толук кандуу мүчөсү болот деген үмүтүн билдирди.

"Менин оюмча, биздин мыйзамдар жакшыртылса, Түркмөнстан түрк үй-бүлөсүнүн катарына кошула алат", - деген ал.

Ошондой эле ал Түркмөнстандын Мерв (Мары) шаарын 2024-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялоону да сунуштады.

"Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам" темасындагы саммит Түркияда февраль айында болгон кыйраткыч жер титирөөлөрдүн кесепеттеринин фонунда Азербайжандын демилгеси менен өткөрүлдү.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы түзүлгөн. 2021-жылы ноябрда Стамбулда өткөн саммитте уюм Түрк мамлекеттеринин уюму деп аталган.

Уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан кирет. Ал эми Түркмөнстан жана Венгрия байкоочу катары катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: