"Бакыт Букаевди өлтүрдү" деп шектелип кармалган экинчи адамдын көрсөтмөсү

Бир катар тергөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан маркум Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектелип экинчи адам кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.
Эске сала кетсек, шоумен Бакыт Букаев үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрь күнү батиринде белгисиз бирөөлөр тарабынан өлтүрүлгөн. Ал эми 24-ноябрь күнү жогорудагы кылмышка шектелип 1986-жылы туулган Уланбек Худайбердиев кармалган.
"Бакыт Букаевди өлтүрдү" деп шектелип кармалган экинчи адамдын көрсөтмөсү:
Милиция кызматкери (М): - Толук аты-жөнүң?
Элдияр Абдибаитов (Э): - Абдибаитов Элдияр Курсанович.
М: - Туулган жылың?
Э: - 06.04.1980.
М: - Каяктын тургунусуң?
Э: - Ош облусу, Өзгөн району.
М: - Бишкекте кайсы жылдан бери турасың?
Э: - 2012-жылдын бери турам.
М: - Эмне иш кыласың?
Э: - Мегакомфорттогу стоянкада иштедим.
М: - Неге кармалдың?
Э: - Адам өлтүрүү фактысы боюнча.
М: - Кылдың беле?
Э: - Мен кылган эмесмин.
М: - Ким кылды эле?
Э: - Жанымдагы Улан аттуу шеригим кылган.
М: - Айтып берчи, кандай болду эле?
Э: - Улан кирип өлтүрүп чыккан, кийин мени чакырган, анан кеткенбиз.
М: - Каяка кеттиңер эле?
Э: - Үйүнө.
М: - Аны менен эмне болуп жолугуп калдыңар эле?
Э: - Улан менен жолугуп калдык, ал бир жерге барабыз деди. Бардык, анан ошол жерге кирип телефон, ноутбук көтөрүп чыкты.
М: - Дагы эмнелерди көтөрүп чыкты?
Э: - Болду, ошолорду эле көтөрүп чыкты.
М: - Сен кирген эмес белең?
Э: - Мен өлтүргөндө жок элем, кийин киргем.
М: - Өлтүрүп жатканда сен кайда элең?
Э: - Мен эшикте элем.
М: - Эмне кылып жаттың эле эшикте?
Э: - Эшикте олтурганмын.
М: - Карап тур деди беле?
Э: - Жок, мен өзүм эшикте олтургам.
М: - Мурда соттолдуң беле?
Э: - Ооба, 97-берене менен.
Ал эми "Бакыт Букаевди өлтүрдү" деп шектелип кармалган Улан Худайбердиевдин көрсөтмөсү бул жакта...


М: - Кылдың беле?
Э: - Мен кылган эмесмин.
М: - Ким кылды эле? Экоосунун корсотмосу эки башка жана биринчи маалыматтар боюнча милиция башкача кабар тараткан б.а. тааныштары дегендей. Мен бул окуяны жасады деп кармалган кишилерди олтургонуно абдан шектенип турам. Анткени айткандары дал келбейт жана бейтааныш кишилер менен суйлошо бергидей, кухняда арак ичкидей Бакыт Букаев жонокой киши эмес болуш керек. Бироолорду мажбурлап мойнуна кылмышты илип жат
Э: - Үйүнө.
муну кантип тушунсо болот алардын турар жайы жок елего бул жерде уйуно кеткенбиз деген корсотмо бар
алардын айткандары бири-бирине дал келбейтго