Танзанияда белгисиз оорудан беш адам каза болду
Танзанияда белгисиз оорудан улам беш адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, белгисиз инфекция Танзаниянын түндүк-батышындагы Кагера облусунун Букоба шаарында катталган. Азырынча жети бейтаптын өздүгү такталды. Алардын дене табы көтөрүлүп, кусуп, кансырап, боору иштебей калууда.
Танзаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул оору жугуштуу деп эсептейт. Оорунун түрүн жана анын козгогучун аныктоо үчүн каза болгондордун денелеринен үлгүлөр алынган.
Кагера облусуна ыкчам чара көрүү тобу жөнөтүлдү. Бөлүмдүн адистери жарандарды сак болууга, эгерде жогорудагы белгилердин бири байкалса медициналык мекемелерге кайрылууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.