super.kg logo

Караколдо автоээнбаштык жасагандыгы үчүн Мерседец-Бенцтин айдоочусуна 15 миң сом айып салынды

 
Каракол шаарында айдоочуга автоээнбаштык жасагандыгы үчүн 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
16-март күнү социалдык тармактарда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиянын жанында автоээнбаштык кылып, андан ары кетип калгандагы видео тараган.
Аталган маалымат боюнча айдоочунун аты-жөнүн аныктоо жана аны жоопкерчиликке тартуу боюнча тапшырмалар берилген.
17-март күнү милиция кызматкерлери мектептин жанында автоээнбаштык кылган айдоочунун аты-жөнүн аныктоого үлгүрүштү. Ал Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну Ш.С. болуп чыкты.
Айдоочуга карата укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189 (Автоээнбаштык) беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айдоочунун унаасы болсо, айып төлөнүүчү жайга токтотулду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: