super.kg logo

"Тажикстан дагы бар". Дүйнөнүн 123 өлкөсү Путинди камакка алышы мүмкүн

 

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди камакка алууга ордер чыгарды. Эми ал дүйнөнүн 190 өлкөсүнүн ичинен 123үнүн аймагына келсе, кармалышы керек.

Камакка алуу ордери тууралуу билдирүү Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун сайтында кечээ, 17-мартта пайда болду.

"Владимир Владимирович Путин 1952-жылдын 7-октябрында туулган, Орусия Федерациясынын президенти. Ал согуш кылмышы - калкты (балдарды) мыйзамсыз депортациялоо жана аларды Украинанын оккупацияланган аймактарынан Орусиянын аймагына которуу үчүн жооптуу деп шектелүүдө", - деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Анткен менен дүйнөнүн 123 өлкөсү Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныйт жана Путинди өз аймагына келгенде камакка алууга туура келет. Алар: Европа өлкөлөрү, Түштүк Американын баары (анын ичинде Орусиянын Венесуэла сыяктуу союздаштары), Тажикстан, Ооганстан, Бразилия, Түштүк Африка, Борбордук Африка Республикасы, Нигерия жана башка көптөгөн өлкөлөр.

"Эгер Путин бул өлкөлөрдүн бирине барса, жергиликтүү бийлик аны камакка алууга аргасыз болот", - деп билдирген эл аралык юрист.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: