super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан кургак учук менен күрөшүү үчүн немис банкынан 6,5 миллион евро алууну көздөп жатат

 

Кыргызстан кургак учук менен күрөшүү үчүн немис банкынан 6,5 миллион евро алууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маалым болду. 

Маалыматка ылайык, Каржы министрлиги менен KfW (немис мамлекеттик банкы) каржылоо жөнүндө келишим түзүшкөн. KfW  “5-Кургак учукка каршы күрөшүү” программасынын алкагында 6,5 миллион еврону өлкөбүзгө кайтарымсыз каржылык жардам көрсөтөрү белгилүү болду. Бөлүнгөн каражат кургак учукту дарылоочу бейтапкананын курулушуна, дарыларды сатып алууга сарпталат.  

КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагымбаева бул жардам кургак учуктан каза болгондордун санын кыскартууга шарт түзөрүн айтты. Азыркы тапта аталган ооруга каршы күрөшүүгө багытталган каражаттар чет элдик донорлор тарабынан гана колдоого алынып жаткандыгын кошумчалады. “Мамлекет тарабынан бул боюнча жардам боло элек. Албетте, мамлекет бейтапканаларды башка тармактарда камсыз кылып турат. Бирок дары-дармектер үчүн каражат бөлбөйт”,- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: