Кеминде айылдашын бычактап өлтүргөнгө шектүү кармалды

Билдирүүгө ылайык, 17-март күнү эртең менен саат 08:55те милицияга Кызыл-Октябрь айылында жергиликтүү тургун өз үйүндө каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган үйгө барган милиция кызматкери бычактан алган жаракатынан улам каза болгон адамды аныкташкан. Ал 1954-жылы туулган И.С. аттуу жаран болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, өлтүрүлгөн жарандын айылдашы 1989-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалды.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка толугу менен алардын мас абалындагы чыр-чатагы себеп болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.