super.kg logo

"Унаасына салып кеткен". Таласта 14 жашар кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды

 

Таласта 14 жаштагы кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-март күнү Талас районунун Арал айылынын ​тургуну Талас ОИИБине арыз менен кайрылган. Анда ал 27-январь күнү саат 14:00 чамасында 2009-жылы туулган небересин "Б" аттуу айылдашы өзүнүн ак түстөгү автоунаасына салып кетип, күч колдонуп эркине каршы зордуктап койгонун билдирген.​ ​ ​ ​ ​​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси​ (Зордуктоо) менен​ кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Арал айылынын 2001-жылы туулган ​Т. ​уулу.Б. аттуу тургуну кармалып, тергөө абагына киргизилгени айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: