super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугунун 4 жолку катышуучусу Роналдо 4-ирет үйлөнөт

 
Роналдо менен Паула Мораистын сүйлөшкөнүнө бир жылдын жүзү болду. Белгилүү басылмалар тойдун жакын арада орун аларын болжошууда.
Роналдо кел-кели келип турган маалда Милене Домингестин колун кармаган. Домингес футболдук топту 1000 жолу ээлеп, кезинде дүйнөнү бир дүңгүрөткөн айым.
Даниэле Чичарелли Роналдонун 2-жубайы. Көптөгөн чырлардын артынан бул экөө да ажырашып тынышкан.
Биа Антони менен Роанлду табышканда Роналду бир топ аброюн жоготуп койгон маал эле. Ашыкча салмактан улам клубдан клуб алмаштыруу менен чектелбей, жубайдан-жубай алмаштырууга да жетишкен.

Атактуу бразилиялык футболчу, ФИФАнын “Алтын топ” сыйлыгынын 2 жолку ээси брзилиялык Роналдо 4-ирет үйлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда европалык басылмалар кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, ал бразилиялык белгилүү ди-джей, 28 жаштагы Паула Мораис болмокчу. Экс-футболчу үйлөнүү тууралуу сунушту сүйүктүүсүнүн туулган күнүндө киргизген. 2014-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун Чүчүкулак таштоо аземи жыйынтыкталар замат сүйүктүүсүнө барып, нике шакегин таккан. Анын сүрөтүн футболчу социалдык тармактардагы баракчасына жайгаштырган. Бүлө куруу алдында турган сүйүү ээлери 2012-жылы Уругвайдагы кечелердин биринде таанышканы айтылат. 

Эске салсак, 37 жашка чыккан белгилүү футболчу Роналдо ушуну менен 4-ирет никеге турат. Буга чейин ал түрдүү жылдары Милене Домингес, Даниэле Чичарелли жана Биа Антони аттуу айымдар менен түтүн булаткан.

Эске салсак, Роналдо 4 ирет футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан. Ал Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычында киргизилген голдордун саны боюнча рекорд ээси. Роналдонун эсебинде 15 гол бар.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.12.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалан сулуу айымдар экен...
11.12.2013. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо жетишкендик, 4 жолу үйлөнүү бул да өзүнчө сыйлык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: