Жол инспекторлору кичинекей "МАИ кызматкерлерине" белек беришти (видео)
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери социалдык тармактарда жол кыймылын жөнгө салган бөбөктөргө белектерди тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдирди.
“Бөбөктөрдүн улуусу Алымбек учурда 7 жашта, анан иниси Адилет 5 жашта жана кошунасы Байхан 6 жашта. Бул бөбөктөр Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жашашат. Алымбек Бишкек шаарынын 18-мектебинин окуучусу. Келечекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызматкерлеринин катарын толуктоону максат кылат.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери бөбөктөр жолдо унаа каражаттарын тосуп ойноо, балдардын өмүрүнө коркунуч жаратарын ата-энелерине түшүндүрүштү”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда үч кичинекей бала МАИ кызматкери болуп ойноп, жол эрежесин бузган айдоочуларды токтоткон видео тараган.
Соцтармактарда жол кыймылын жөнгө салган бөбөктөргө белектерди тапшырышты.

