super.kg logo

Бишкекте төртүнчү Кыргыз-Пакистан соода жана инвестициялык форуму өттү

 

Бишкек шаарында төртүнчү Кыргыз-Пакистан соода жана инвестициялык форуму болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ берген маалыматта айтылат.

Ага ылайык, иш-чарага соода, фармацевтика, айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү, курулуш, машина жасоо, химиялык өнөр жай, логистика, туризм жана башка тармактардан 100дөн ашык кыргыз жана пакистандык компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Форумдун катышуучулары соода-экономикалык жана инвестициялык ишмердүүлүктү кеңейтүү жана эффективдүү логистикалык каттамдарды түзүү маселелери боюнча пикир алышышты.

"Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги менен “Global Business Alliance” компаниясынын ортосунда электрондук соода аянтчасын түзүү боюнча меморандумга, ошондой эле Неман-Фарм менен Хиранис компанияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна жана коммерциялык келишимге кол коюлду.

Пакистандык бизнес-делегацияны министрлер кабинетинин орун басары Бакыт Төрөбаев да кабыл алып, Кыргызстандын Пакистан менен ар тараптуу байланыштарды, анын ичинде соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, пакистандык инвесторлорду кыргыз тарап жарыялаган ар түрдүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырды", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, пакистандык делегациянын мүчөлөрү "Бишкек" Эркин экономикалык зонасынын, «Дордой» базарынын жана «Кант ТШП» труба-шифер ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: