super.kg logo

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди жаратылыш жанданып, мезгил ырааты алмашып, жаңылануунун жана жаңы жашоого умтулуунун белгиси болгон Нооруз элдик майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Кылымдарды карытып, ар жылы көктөмдүн келишин утурлай майрамдалып келаткан Нооруз майрамын белгилөө салты кыргыз элинин дүйнө таанымынын кеңдигин, маданиятынын көөнөлүгүн жана руханий мураска ээ экендигин айгинелеп турат.

Улустун улуу күнү атыккан бул майрам баарыбызды жаратмандыкка жетелеп, өсүп-өнүгүүгө күч-кубат тартуулайт.

Тарых-таржымалы нечендеген кылымдардын түпкүрүнө алып бара турган жаңы жыл башаты – жалпы элдик майрам, өлкөнүн туруктуулугун, ынтымагын, элдердин достугун чыңдоого өбөлгө болгон улуу күн.

Нооруз элибиздин бай маданияты менен улуу нарк-насилинин тээ тереңден келгендигин туюндуруп, аруулук, мээримдүүлүк, кол суна билүү сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктарын эске салат.

Жаз чакырган жаркын майрамыбыз дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда өзгөчө мааниге ээ. Бул бизге бейпил турмуштун, береке-куттун канчалык маанилүү экенинен кабар берет. "Ынтымак бар жерде - ырыс бар" деген сөздүн мааниси так ушунда жатат.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди дагы бир жолу жаз жышааны - Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Жаздын, жаңылануунун жана жаратмандыктын майрамы бизге илгери үмүт болуп, күч-кубат берсин!

Нооруз ар бир үйгө токчулук, молчулук алып келсин!

Өлкөбүзгө өнүгүү, элибизге бакубат турмуш каалайм!”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: