super.kg logo

"Нооруз-жаңылануунун майрамы". Президент "Ала-Тоо" аянтында эл менен бирге майрамдады

 

Бүгүн, 21-мартта “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара уланып жатат. Анда шаар тургундарына жана конокторуна маданият өкүлдөрү тарабынан майрамдык маанай тартууланып жатат.

Иш-чаранын башталышында өлкө башчы Садыр Жапаров жалпы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Жаңылануунун, жаңы жашоого умтулуунун күнү катары белгиленип келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Нооруз - кылымдардын кыйырынан бери келип, элдер чыдамсыздык менен күтүп, достуктун, биримдиктин, ынтымактын майрамы катары майрамдала турган улустун улуу күнү деп аталган. Нооруз майрамында жалпы кыргызстандыктарга, алыс-жакында жүргөн мекендештериме жалаң жакшылыктарды, жаратман иштерди, ийгиликтерди каалайм.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында көзгө көрүнөрлүк иштерибиз арбын, алдыга койгон максаттарыбыз орундалып келе жатат. Ооба, чечиле турган маселелер көп. Аларды ырааты менен чечүүгө эркибиз, мүмкүнчүлгүбүз дагы жетет.

Аталарыбыздын “Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот” деген кебин көкүрөгүбүздө ыйык тумар катары сактап жүрөлү. Урматтуу жалпы кыргызстандыктар, Кудай ар бир үйгө ынтымак, ырыскы, береке берсин. Жаркыраган жаз, күжүрмөн эмгек, аруулук, жаңылануунун белгиси болгон Нооруз майрамыңыздар менен куттуктаймын”. - деди Жапаров.

Мындан сырткары президент соңку жетишкендиктер катары өлкөдө айлык маяналар көтөрүлгөнүн, Улуттук банкта алтын кору чогултулганын айтып, дипломатиялык жаатта ийгиликтер бар экенин, инвестициялык климат жакшырып жатканын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: