super.kg logo

Нарында 600гө чукул жакыр үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

 

Быйыл "Социалдык контракт” долбоорунун алкагында Нарын облусундагы аз камсыз болгон 600гө жакын үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын шаарындагы Нооруз майрамына арналган иш-чарада айтты.

Анын айтымында, былтыр министрлик облустагы социалдык муктаждыктарга 1 миллиард 200 миллион сом бөлгөн.

"Президентибиздин 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы боюнча чыгарган жарлыгы ишке ашырылып жатат. Учурда министрлер кабинети тарабынан бул маселеге олуттуу көңүл бурулуп, баардык аракеттер көрүлүүдө. Анын алкагында Нарын облусунда дагы бир катар социалдык экономикалык долбоорлор ишке ашырылат. Алардын айрымдарына учкай токтолоюн, Мисалы, Ат-Башы районунда 950 миң долларга жеке инвестиция тартуу аркылуу эт комбинаты курулат. Ал ишкана ишке киргизилген соң 80 жаңы жумуш орундары түзүлөт (мөөнөтү: 2022-2025-жылдары).

Ошондой эле, Нарын дарыясына Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадын жана Куланак ГЭСин куруу пландалган. (мөөнөтү: 2022-2025-жылдары). Ал эми айыл чарба продукциясынын сертификациялоого шарттарды түзүү үчүн атайын фитосанитардык лабораторияларды жабдуу сыяктуу маанилүү долбоорлор ишке ашырылат.

Нарын облусунун Кытай өлкөсү менен чектеш жайгашканын эске алуу менен, чек арада жайгашкан калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча атайын программа иштелип чыгып ишке ашырылат (мөөнөтү: 2022-2023-жылдары). Мындан тышкары, аз камсыздуулук боюнча жөлөк пул алуучуларга электр энергиясына болгон тариф төмөндөтүлүп, социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү жогорулатылды", - деди министр.

Мындан тышкары министр “Социалдык контракт” долбоору алгач пилоттук негизде 2022-жылы Жумгал районунда ишке ашырылганын баса белгиледи.

"Өткөн жылы Нарын облусу 250 үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилди. Ал эми быйыл бул долбоорду дагы кеңейтип, республика боюнча 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилмекчи. Бул долбоордун негизинде быйыл Нарын облусу боюнча 577 үй-бүлөгө (жалпысынан 57 миллион 700 миң сом) 100 миң сомдон берилет", - деди министр.

Майрамдык иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана шаар тургундары катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: