super.kg logo

Ош шаарында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленүүдө (фото)

 

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз - 2023” деп аталган салтанат тартууланды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, жашоочулар жана коноктор катышты.

Бакыт Төрөбаев майрамга келгендерди Нооруз менен куттуктап, жалпы журтка токчулук, тынчтык каалады.

Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолуп, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды.

Ошондой эле аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.

Белгилей кетсек, маданий иш-чара кечки саат 19:00дө Алымбек Датка эс алуу багында улантылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: