super.kg logo

"Бирине бири жарашып". Президент менен биринчи айымдын суктандырган сүрөттөрү

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн Нооруз майрамына катышты.

Анда мамлекет башчысын биринчи айым Айгүл Жапарова да коштоп келди. Жапарованын кийип келген улуттук кийими көпчүлүктүн көңүлүн буруп, социалдык тармактардын колдонуучулары ага суктанышууда.

Иш-чара жаратылыштын ойгонушу, жаздын келиши жана жаңы жашоонун башталышы тууралуу театралдаштырылган пролог менен башталды. Андан кийин мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, жалпы кыргызстандыктарга жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Ошондой эле Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге баш калаанын борбордук аянтына орнотулган чакан боз үй шаарчасын кыдырып, республиканын жети дубанынан келген ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышып, майрамдык сүмөлөктөн ооз тийди.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: