super.kg logo

Таласта "Айкөл Манас" айкелинин ачылышы болду (видео)

 
Бүгүн, 21-мартта Талас шаарынын борбордук аянтында "Айкөл Манас" айкелинин ачылышы болуп өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, майрамдык салтанатта Улуттук Манас театрынын атайын концерттик программасы тартууланды. Иш-чара улуттук тамак аштардын көргөзмөсү менен уланып, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолду.
Айкелдин бийиктиги 12 метр (өзү 6 метр, постаменти менен 12 метр). Эстеликтин авторлору Кыргыз Эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов.
Манасчы Нурбек Талантбековдун айтымында, айкелдин ачылышы манасчылардын баяны менен коштолду.
"Жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу тарабынан Түркияда ортнотулган Манастын айкелинин экинчи үлгүсү куттуу Талас шаарынын борбордук аянтына коюу демилгеси көтөрүлүп, манасчылар менен акылдашып, кеңешилген иштин убактысы жетилип, бүгүнкү күнгө туура келди. Демилгени колдоп берген президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана уюштуруу тобуна ыраазычылык билдиребиз.
Мындан тышкары бул иш-чара 7 дубандан келген манасчылардын "Манас Ордо" комплексинде 9 күн бою манас айтуу жөрөлгөсү менен коштолду", - деп билдирди манасчы.
Белгилей кетсек, аталган эстеликтин көчүрмөсү 2017- жылдын август айында Түркиянын Стамбул шаарына, дагы бир үлгүсү Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин демилгеси менен Анкара шаарына тургузулган.





Таласта Манастын айкели орнотулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: