super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү - 2023: Турнирдин мыктылары аныкталды (тизме)

 

Бүгүн, 21-мартта көк бөрү боюнча Нооруз-2023 турнири жыйынтыкталды. Дээрлик 10 күнгө созулган мелдеште Жогорку лига, Ардагерлер лигасы, 1-лига жана быйыл жаңы кошулган 2-лига болуп, жалпы 4 лигада көк бөрү боюнча беттештер орун алды.

Турнирдин жыйынтыгы төмөнкүдөй:

40 ЖАШ (Ардагерлер лигасы)

  • 1-орун: "Жети дубан"
  • 2-орун: "Сары-Өзөн"
  • 3-орун: "Ардагер"

Мыкты оюнчу: Самудинов Мирлан "Жети дубан" командасы.

Мыкты аргымак: Кой күрөң "Сары-Өзөн" командасы.

2-ЛИГА

  • 1-орун: "Көк-Жал"
  • 2-орун: "Кара-Балта"
  • 3-орун: "Ак илбирс"

Мыкты оюнчу: Каныбеков Зулпукар "Көк-Жал" командасы.

Мыкты аргымак: Барон "Кара-Балта" командасы.

1-ЛИГА

  • 1-орун: "Жаштык"
  • 2-орун: "Четинди-Бишкек"
  • 3-орун: "Ийгилик"

Мыкты оюнчу: Абдуллаев Арген "Жаштык" командасы.

Мыкты аргымак: Чырак "Четинди-Бишкек" командасы.

ЖОГОРКУ ЛИГА

  • 1-орун: "Ынтымак" (1 миллион сом байге)
  • 2-орун: "Сары-Өзөн" (500 миң сом)
  • 3-орун: "Достук" (250 миң сом)

Мыкты оюнчу: Өмүрбек Эсен уулу "Ынтымак" командасы.

Мыкты аргымак: Даран "Сары-Өзөн" командасы.

Эске салсак, көк бөрү турнири Бишкектеги Ак-Кула ат майданында өткөрүлдү. Ага жалпы 37 команда катышса, жалпы байге фонду 7 миллион сомду түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: