super.kg logo

Юбилейлик, 50-Globus дүкөнү Кемин шаарында ачылды!

 

"Умай Групп" ири компаниясы кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Globus соода тармагын кеңейтүүнү улантууда. Кемин шаарындагы Советская 2 көчөсүндө жайгашкан жаңы дүкөн шаар тургундары жана коноктору үчүн эшигин ачты.

Globus - Кыргызстандагы ири соода тармагы бир нече формарттагы дүкөндөрдөн турат. Алар: гипермаркет, супермаркет жана "экспресс", ошондой эле "Береке" форматында болуп, алкоголдук жана халал эмес (чочко продукциясынан жасалган) продукцияларды сатпайт.

Мындан тышкары тармактын интернет-дүкөнү бар. Globus'тун дүкөн текчелериндеги товарлардын көпчүлүк түрлөрүн камтыган ассортиментинен сиз каалаган жерден жана каалаган убакта сатып ала аласыз!

Кеминде соода-тармактын кичи форматтагы юбилейлик 50-дүкөнү ачылды.

Тармактын негизги приоритеттеринин бири - кардарларга арзан баада промо-продукциялардын кеңири ассортиментин берүү.

Соода аянтчасынын заманбап жасалгасы жана пландалган соода залы керектүү товарларды тез табууга мүмкүндүк берет. Бул соода процессин тез жана ыңгайлуу гана кылбастан, ошондой эле пайдалуу дагы.

Бонустарды топтоо жана алар менен сатып алуулар үчүн төлөө, кошумча жеке арзандатууларды, атайын сунуштарды алуу же лотереяларга жана байгелерге жана белектерге катышуу үчүн ар бир сатып алууда мобилдик тиркемени же тармактык картаны колдонууну унутпаңыз.

Тармактын сыймыгы - жеке өндүрүштүк продукция. Салаттардын жана жеңил тамактардын укмуштуудай тандоосу, эт, тоок жана балыктан жасалган ысык тамактардын түрлөрү, таттуу токочтор, нан жана кондитердик азыктар анын ашпозчулары тарабынан кылдаттык менен жана мээримдүүлүк менен даярдалган.

Globus'ка кош келиңиз!

Бул жерде сиз ар дайым жагымдуу атмосферада соода кылуудан ырахат алып, өзүңүзгө жана жакындарыңызга керектүү нерселердин баарын таба аласыз.

Ар бир Кыргыз жараны үчүн бирден Globus!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: