super.kg logo

Атасы 65 жашта. Казакстанда 54 жаштагы аял уруктандыруу жолу менен уул төрөдү

 

Казакстандын Түркстан облусунда Ордабасы райондук борбордук ооруканасынын төрөт үйүндө 54 жаштагы аял уул баланы жарыкка алып келди. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда эне-баланын абалы канааттандырарлык. Аял жасалма уруктандыруу жолу менен төрөгөн. Ымыркайдын салмагы 4510 граммды түзөт.

"39 жашымда турмушка чыктым. Буга чейинки кош бойлуулугум майнапсыз болгон. Көп жылдар бою балалуу боло албай жүрдүм. Үй-бүлөдө бала болбогон абдан кыйын. Ушунча жылдан бери жашоомо бир нерсе жетишпей жатты. Анан жолдошум экөөбүз жасалма уруктандырууга бардык. Андан кийин текшериле баштадык", - деп билдирген 54 жаштагы эне.

Ал эми ымыркайдын атасы 64 жашта. Ал 45 жыл инженер-гидротехник болуп иштеген.

"Уулум төрөлгөндө абдан сүйүндүм, кубанычым чексиз. Уулумдун атын Нурмухамед деп койдум. 64 жашта болсом да балдарымдын ызы-чуусунан эч тажабайм, тескерисинче, жаным жай табат", - дейт баланын атасы.

"Бул үй-бүлөдөгү экинчи бала. 2020-жылы аял 51 жашында биринчи кызын төрөгөн. Эненин кубанычында чек жок. Аял дарыгерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал кесарево жолу менен көз жарды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: