super.kg logo

Сузакта жашыруун казино иштеткендер кармалды (фото)

 

Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"17-мартта бул көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору кармалды. Бул жайлардын ар биринин ай сайын акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Аталган жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк мыйзамсыз аракеттерден түшкөн 200 миң сомдон ашык акча каражаты табылган. Ошондой эле оюн автоматтарынын ролун аткарган тиешелүү программалык камсыздоосу менен камтылган жалпысынан 40ка жакын компьютер алынды", - деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле бул жайдын 30 кардары да ал жерде болуу жагдайларын тактоо үчүн кармалды.

"Кармалган жарандар менен аталган мекемелердин иштери мыйзамсыз экени боюнча профилактикалык түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү. Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү салыктык текшерүүлөр жана экспертизалар дайындалды. Ошол эле учурда облустун айрым укук коргоо кызматкерлери жашыруун мекемелерге колдоо кылууга тиешеси бар деп шектелип, буга байланыштуу алардын аты-жөнүн тактоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда", - деп кошумчалашты УКМКдан.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: