super.kg logo
  Саясат  

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жана Балыкчы шаарында антимитинг өтүп жатат

 

Бүгүн, 10-декабрда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жана Балыкчы шаарында антимитинг өтүп жатат. Эки жакта тең 300гө жакын адам бар. Алар "Жети-Өгүз районунда өтүп жаткан митингдерде мыйзамдар бузулбасын, жолдор жабылбасын” деген сөздөрдү айтып жатышат. Мындай билдирүүнү, Ысык-Көл ОИИББнин басма сөз кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов билдирди. 

Анын айтымында, митинг бүгүн, 10-декабрда болжол менен саат 12:00дө башталган. Учурда да уланып жатат. Митингге чыккандар - карапайым адамдар. 

Ал эми Жети-Өгүз районунда өтүп жаткан тынчтык митингинин катышуучусу Абай Узаков: “Бөкөнбаев айылында антимитинг өтүп жатканын билбейт экенмин. Бирок Балыкчыда 30дай адам митинг өткөрүп жатышат деп уктум. Аларды "Кумтөр" каржылап жатканы көрүнүп эле турат”,- деп билдирди.        






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: