13 жашар кыздын колдон колго өтүп зордукталышы: Соттук отурум кийинкиге жылдырылды
Бүгүн, 22-мартта Жогорку сотто колдон колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кыздын иши боюнча соттук отурум жабык эшик артында каралды.
Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов соттук отурум 5-апрелге жылдырылганын билдирди.
"Айыпталуучу тараптын жактоочусу алмашыптыр. Ал соттон материалдар менен таанышып чыгуу үчүн отурумду жылдырууну өтүндү. Жогорку Сот анын өтүнүчүн канааттандырып кийинки отурумду 5-апрель саат 10:15ке дайындады", - деди Султанов.
Буга чейин 13 жашар кыздын иши боюнча базардын кароолчусу 10 жылга, ал эми эки милиционер 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Кийинчерээк, үстүбүздөгү жылы 13-январда Бишкек шаардык соту эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартып, бирөөнү 6 жылга, ал эми экинчисин 9 жылга кескен. Үчүнчү айыпталуучу - базардын кароолчусуна карата мурдагы өкүм күчүндө калтырылган.
Кыздын жакындары кылмышкерлер жазадан кутулуп кетет же аларга карата чыккан өкүмдөр дагы да жеңилдеши мүмкүн деп чочулашууда. Мындан улам буга чейин мекеменин алдында кордолгон кызды колдоо акциясы болуп өттү. Ал эми зордуктоого шектелген төртүнчү жарандын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 8 жылга эркинен ажыратылган.
Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот былтыр 8-июлда башталган. Ага чейин отурумдар ар кандай жүйө менен бир нече ирет жылдырылып келген. SUPER.KG порталына 13 жашар секелектин ата-энеси кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөнүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.
Жактоочу соттук отурум кийинкиге жылдырылганын айтты

