super.kg logo

4 адам кордогон секелектин атасы: "Кызым кылмышкерлер 5 жылдан кийин эле түрмөдөн чыгып келеби деп коркуп жатат"

 

13 жашар кызды колдон колго өткөрүп зордуктаган кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажыратылсын. Мындай пикирин бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына кордолгон секелектин атасы билдирди.

Кызды атасы соттордун акыйкат чечим чыгаруусун талап кыларын айтты.

"Соттон акыйкат чечим үмүт этип жатам. Шаардык соттун чечими бир эле мага эмес, үй-бүлөмө терс таасир калтырды. Кызым да, келинчегим да кыжалат болууда, кылмышкерлер 5-6 жылдан кийин эле түрмөдөн чыгып, кайрадан тагдырыбызды талкалабайбы деп коркуп жатышат", - деди ал.

Ошондой эле эки милиция кызматкерине жазаны жеңилдеткен Бишкек шаардык сотуна нааразы экенин билдирди.

"Райондук сот 15 жылдан берген. Буга чейин барбаган жерим калган жок. 10 жылдык өмүрүмдү алып койду. Айла жок 15 жылга макул дейт экенсиң. Бирок аны аз деп эсептейм. Өмүр бою эркинен ажыратылса жакшы болмок. Себеби, 10-15 жыл береби, кайра кайтып келип, дагы башка наристелердин тагдырын талкалабайт деп ким кепилдик бере алат?", - деди ал.

Эскерте кетсек, былтыр март айында бул иш боюнча шектүү катары төрт адам кармалган. Алардын экөө милиция кызматкери, бирөө "Дордой" базарында күзөтчү жана төртүнчүсү официант болуп иштегени маалым болгон.

Райондук соттун чечими менен базардын кароолчусу 10 жылга, ал эми эки милиция кызматкери 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Кийинчерээк, үстүбүздөгү жылы 13-январда Бишкек шаардык соту эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартып, бирөөнү 6 жылга, ал эми экинчисин 9 жылга кескен. Үчүнчү айыпталуучу - базардын кароолчусуна карата мурдагы өкүм күчүндө калтырылган.

Ага байланыштуу жабыралануучу тарап менен прокуратура Жогорку сотко кассациялык арыз берип, шаардык соттун чечими мыйзамсыз экенин билдиришкен. Кыздын жакындары кылмышкерлер жазадан кутулуп кетет же аларга карата чыккан өкүмдөр дагы да жеңилдеши мүмкүн деп чочулашууда.

Ал эми зордуктоого шектелген төртүнчү жарандын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 8 жылга эркинен ажыратылган. 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот былтыр 8-июлда башталган. Ага чейин отурумдар ар кандай жүйө менен бир нече ирет жылдырылып келген. SUPER.KG порталына 13 жашар секелектин ата-энеси кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөнүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: