Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүү таратты
Бүгүн, 22-мартка карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, күч түзүмдөрү мамлекеттик органдар менен бирдикте абалдын туруктуу болушуна багытталган иш-чараларды өткөрүүдө.
"Чек араны биргелешип кайтаруунун сапатын жакшыртуу максатында Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү тажик тараптын өкүлдөрү менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды ар дайым өткөрүп турушат.
Анткен менен акыркы мезгилде жергиликтүү калктын арасында такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар таркаган учурлар көбөйүүдө.
УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды ар кандай ушак-айындарга жана ызы-чууга алдырбоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кандайдыр бир суроо жаралса, жарандар жакынкы чек ара бөлүмдөрүнө кайрылуулары зарыл экендиги кошумчаланды.

