super.kg logo

Эмгек министрлиги "Мекен карт" документин кантип алуу керектигин эскертти

 

"Мекен-карт" документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу 13-марттан баштап жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет.

Кабарлангандай, "Мекен-карт" документи Кыргызстандын аймагында тоскоолдуксуз кирүүнү жана болууну, билим берүү жана медицина кызматтарын пайдаланууну камсыз кылат. Мындан тышкары уруксат берүүчү документтерди тариздебестен эмгек ишмердигин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Мекендештин статусун алуу процесси - чет өлкөлүк жарандарга – Кыргызстандын мурдагы жарандарына, алардын балдарына жана неберелерине жеткиликтүү.

"Кыргызстандын аймагында кайрылуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна кайрылуу жана 10 000 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик алымды, ошондой эле «Мекен-карта» документин кабыл алуу, берүү, даярдоо жана персонификациялоо боюнча 1315 сом суммасында чыгымдарды төлөө керек.

Эгерде арыз ээси чет өлкөдө болсо, анда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өкүлчүлүгүнө тийиштүү документтерди тапшырып, 10 618 сом жана 40 доллар консулдук жыйым катары төлөй аласыз", - деп айтылат маалыматта.

Арыздарды кароонун мөөнөтү жалпы тартипте 3 айды, жөнөкөйлөтүлгөндө 1,5 айды түзөт. Эгерде чет өлкөлүк жарандар Кыргыз жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтө элек болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

Кошумча маалымат алуу үчүн 119 Call-борборуна же Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу кайрылса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: