super.kg logo

Сокулукта издөөдө жүргөн 50 жаштагы аял кармалды

 
Сокулук районунда алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милицияга Новопавловка айылынын З.О. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 2018-жылдын 8-октябрь күнү баасы 8000 доллар турган Мерседес Бенц-814 үлгүсүндөгү унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган М.С. аттуу жаранга чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда аталган кылмыш ишине шектүү 1973-жылы туулган М.С. аттуу жарандын аты-жөнү толугу менен аныкталып, ага карата сыртынан айыбы угузулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
2021-жылдын 25-майында 1973-жылы туулган М.С. аттуу жаранга издөө жарыяланган.
2023-жылдын 21-мартында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында издөөдө жүргөн М.С. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, Сокулук райондук сотунун чечимине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: