super.kg logo

Баткенде ууруларды издөөгө албай койгон милиция кызматкерлери жазаланды

 

Баткен облусунда кафедеги садака кутучасын жана суусундуктарды уурдап кеткендерди издөөгө албай койгон милиция кызматкерлери жазаланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 23-августунда Баткен шаарынын аймагында жайгашкан “Мазза” кафесине белгисиз атуулдар кирип, жалпы 5 миң 400 сомдук садака кутучасындагы акча каражаттарын жана суусундуктарды уурдап, изин жашырып кетишкен.

Аталган кафени ижарага алып иштеткен М.А. аттуу жаран 102 нөөмөт милиция бөлүмүнө кылмыш жөнүндө билдиргенде, тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге келип, бирок кылмыш жөнүндө арызын алуудан жана аны каттоодон баш тартышкан.

Бул факты боюнча Баткен райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иш козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында М.Ө., Ы.А. уулу жана Ы.Ж. аттуу милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренеси (“Жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу”) менен айыптары угузулуп, негизинен соттун кароосуна жиберилди.

Ошондой эле Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча кайрылган жарандын арызын кабыл алуудан баш тарткан милиция кызматкери Н.Б.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен ага карата айыбы угузулуп, иш соттун кароосуна жиберилди.

Бул багытта облустук прокуратура тарабынан укук коргоо органдары менен жигердүү иштер жүргүзүлүп, ишеним телефонуна жарандардан түшкөн ар бир билдирүү боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: