Москвада эки жаштагы кыздын канынан алкоголь жана баңгизат табылды
Москвада ууланып ооруканага түшкөн эки жашар кыздын канынан алкоголдук ичимдик жана баңгизат табылды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кыздын апасы кызы менен чогуу конокко барганын, анда кызы коляскада уктап жатканын айткан. Бир убакта ал кызынын кызыктай дем алып жатканын байкап, ошондон кийин "Тез жардам" чакырганын билдирген.
Кыз кант диабети деген алдын ала диагноз менен ооруканага жаткырылган. Бирок кошумча изилдөөдө кыздын канынан алкоголдун жана баңгизатынын издери аныкталган.
Учурда укук коргоо органдары бул заттар баланын денесине кантип кирип кеткенин иликтеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.