Бишкекте үй кызматчысы Казакстандын жаранын тоноону уюштурган
Борбордук милиция кызматкерлери Казакстандын
жаранын бейбаштык менен тоногон иштин бетин ачышкан. Бул тууралуу бүгүн,
10-декбарда Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Александр Белунскас
билдирди. Анын айтымында, 11-ноябрда эртең менен 25-30 жаштардагы белгисиз адам
күч колдонуу менен казакстандык Алмагүл Канырбекованын 2 уюлдук телефонун жана
5 миң сом акчасын тартып алган.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
“Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү деп Нарын облусунда 1989-жылы туулган Асан уулу Улан, Бегимжан Искалалиева жана Төрөгелди кызы
Карлыгач кармалган. Канырбекованын
жолдошу (Түркиянын жараны) кармалгандардын бири мурда алардыкында үй кызматчы болуп
иштегенин айткан. Жеке таарынычынан улам өч алуу үчүн тоноону ойлоп тапкан. Азыркы
тапта иликтөө иштери жүрүүдө”,- деди Белунскас.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bey

10.12.2013. 15:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турк акчасын толобой кидать этип жиберсе керек да иштетип иштетип туруп ...
turgunbek

10.12.2013. 17:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рас эле кылыптыр тоноп казакстанда кидать эткендери аз келгенсип оз мекенинде да кидать этишет казактар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.