Быйыл Транспорт министрлиги жол тармагына 669 жаңы техника сатып алат
Быйыл Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 669 жаңы техника сатылып алынат. Бул тууралуу министрликтин маалыматында жазылат.
Маалым болгондой, жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган жаңы техникалар эгемендик алган жылдан бери биринчи жолу мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынганы турат.
2015-2023-жылдар аралыгындагы алынган техникалардын көрсөткүчтөрү:
- 2015-жылы Япония өкмөтүнүн JICA долбоору аркылуу 355 техника жардам катары келген;
- 2016 жана 2017-жылдары жетиштүү деңгээлде техника сатып алынган эмес;
- 2018-жылы япониялык компания JICA тарабынан гранттык негизде Isuzu базасында алты автоустакана бөлүнүп берилген;
- 2019-жылы 46 техника насыяга алынган;
- 2020-жылы техника алынган эмес;
- 2021-жылы аз санда гана техника алынган;
- 2022-жылы 32 техника алынган. Ага жалпы 2 миллион 353 миң доллар бөлүнгөн;
- 2023-жылы мамлекет 669 жол куруу техникасын сатып алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.