super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду дүйнөлүк рекордду жаңылады

 

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду улуттук курама командалар үчүн дүйнөдө эң көп оюн өткөргөн оюнчу болуп калды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-мартта 38 жаштагы чабуулчу "Евро-2024" турниринин тандоо турунда Лихтенштейнге каршы оюнга чыкты. Бул Роналдунун улуттук курама үчүн 197-оюну. Ал буга чейин улуттук курама үчүн эң көп оюн өткөргөн кувейттик Бадер Аль-Мутаваны (196 оюн) ашып өттү.

Анткен менен, Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясы (IFFHS) малайзиялык Сон Чин Аннаны (219 оюн) рекорд ээси деп эсептейт. Ал расмий түрдө эсептелбеген 24 оюн өткөргөн.

Лихтенштейн менен болгон беттеште португалиялык чабуулчу 2 жолу гол киргизди (51-мүнөттө пенальтиден гол киргизсе, 63-мүнөттө айып соккудан гол киргизди). Бул Роналдунун улуттук курама үчүн 119 жана 120-голдору. Ал улуттук курамалардын тарыхындагы эң мыкты бомбардир.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: