super.kg logo

"Жайында башкага үйлөнөт". 79 жаштагы миллиардер Вольфганг Порше ооруга чалдыккан аялы менен ажырашууда

 
Клаудия, Вольфганг Порше жана ханбийке Габриэла Лайнинг
Вольфганг Порше мурунку жубайы Клаудия менен

79 жаштагы миллиардер Вольфганг Порше 74 жаштагы Клаудия Порше менен ажырашууга арыз жазды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ажырашууга Клаудиянын деменция менен ооруганы себеп болгон. Аталган оорунун алгачкы белгилери 2021-жылы байкала баштаган. Поршенин жакындарынын айтымында, Клаудиянын абалы оорлоп, түгөйлөр чогуу жашоого мүмкүн болбой калган жана аялына так диагноз коюлгандан кийин кызынын үйүнө алып барып салышкан.

Ал эми акыркы эки, үч айдын ичинде Клаудия өз алдынча баса албай, өзүнө кам көрө албай калган. Учурда ал төрт адамдын көзөмөлүндө экени айтылат.

Эске салсак, Клаудия Порше Германия өкмөтүнүн кеңешчиси болуп иштеген. Вольфганг Порше менен мамилеси 2007-жылы башталып, 2017-жылы баш кошушкан. Ортолорунда бала жок. Учурда Поршенин үй-бүлөсүнүн байлыгы 18 миллиард долларга бааланат.

Мурунку жубайы кызынын үйүнө көчүп кеткенден кийин, ал 59 жаштагы ханбийке Габриэла Лайнинг менен мамиле түзө баштаган. Ушул жылдын жай айында алардын үйлөнөрү айтылууда.

Вольфганг Порше атактуу Porsche спорттук унаа брендинин негиздөөчүсү Ферри Поршенин кичүү уулу. Ал компаниянын өнүгүшүндө негизги салым кошкондордун бири. Миллиардер учурда Австрияда жашайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: