super.kg logo

"7,6 миллион сом кымырылган". “Бишкекасфальтсервистин” кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 

“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Башкы прокуратурадан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан калаа мэриясына караштуу “Бишкек асфальтсервис” муниципалдык ишканасында (“БАС” МИ) коррупцияга каршы аракеттенүү, автомобилдик жолдор жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн.

"Текшерүүдө 2019-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын мэриясынын жана “БАС” МИнин жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, өздөрү жана башка адамдар үчүн пайда көрүү максатында конкурстук тооруктарды өткөрбөстөн жана негиз болуучу тиешелүү документтери жок туруп, жеке үчүнчү жактын эсебине жалпы суммасы 7 миллион 624 миң 319 сом акча каражаттарын мыйзамсыз чыгаруу жолу менен кымырып алышкандыгы аныкталды, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же которуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: