super.kg logo

Боомдогу ири өрт кырсыгы: “Кербен-Сарайдагы" өрт толугу менен өчүрүлдү

 

Боом капчыгайындагы Балыкчы-Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында жайгашкан “Кербен-Сарай” тамактануучу жайынын жанында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-мартта саат 12:55те Ысык-Көлдүн Тоң районундагы “Кербен-Сарай” тамактануучу жайынын маңдайындагы ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Саат 14:10дө өрт чектөөгө алынып, саат 15:10дө толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты 3 гектарды түзгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн түштө Боом капчыгайында жайгашкан "Кербен-Сарай" кафесинин аймагында дарактар өрттөнүп жаткандыгы маалым болгон. Андан соң социалдык тармактарда капчыгайда үч жерде өрт чыккандыгы тууралуу видео тараган.

ӨКМнын басма сөз кызматынан Боом капчыгайында эки жерде өрт чыкканын билдирди. Анын бири “Кербен-Сарай” тамактануучу жайынын жанында, ал эми экинчиси Көк-Мойнок 2 айылындагы ачык аянтта.

“Кербен-Сарай” жактагы өрт толугу менен өчүрүлсө, Көк-Мойнок 2 айылындагы тилсиз жоо менен күрөш уланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча ал жактагы өрт ири аймакты каптап кеткен.

"Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 2 авариялык куткаруу унаасы, 1 мотопомпа, 28 куткаруучу жана Токой чарбасынан 2 мотопомпа, 16 кызматкер иш алып барууда. Ошондой эле Көк-Мойнок айылынан 50 тургун, темир жол кызматынан 20 адам тартылган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: