super.kg logo

Боомдогу ири өрттү өчүрүүгө 140 адам тартылды

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылында ачык аянтта чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы 140 адам тартылды. Бул туурасында ӨКМ билдирүү таратты.

Ага ылайык, ӨКМдан саат 12:34төн тарта жалпы 3 күжүрмөн эсеп (өрт өчүрүүчү унаа), 28 куткаруучу, 1 мотопомпа, Токой чарба кызматынан 26 кызматкер жана 2 мотопомпа (суу сордуруучу каражат), Темир жол кызматынан 20 кызматкер, райондук ички иштер бөлүмүнөн 16, жергиликтүү элден 50 адам иш алып барууда.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн болжолдуу аянты 50 гектарды түзүп, өз-өзүнчө тилкелерден чыккан. Учурда өрттүн жалынын калктуу конушка жана май коюучу жайга жеткирбөө аракети көрүлүүдө. Аймактагы электр чубалгылары жайгашкан жерлердеги өрттү өчүрүүдө эрежеге ылайык кол каражаттары колдонулууда. Ал эми калган жерлерине суу жеткиликтүү берилип, өчүрүү иши жүрүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча тилсиз жоодон жабыркагандар жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: