Кыргыз Эл артисти Асанкул Осмонов көз жумду



Кыргыз эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Асанкул Осмонов 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарланды.
Маалым болгондой, ал бүгүн, 26-мартта көз жумган.
Өмүр баяны:
Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган.
1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөн.
1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз Республикасынын жалпы маданият күнүнүн декадасына катышкан.
1958-жылдан Кыргыз академиялык драма театрынын актёру болуп иштеп баштаган.
1990-жылы Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-мартта Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00дө өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:9
2025-08-07

15:58
2025-08-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.