Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасы болду
Өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасы деп табылды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын социалдык тармактагы баракчасына жазылды.Маалыматка ылайык, Сыдыгалиеваны ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасы деп жарыялаган.
Белгилей кетсек, Анара Сыдыгалиева Кыргыз өлкөсүнүн эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин апасы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















