Акжол Махмудов Власов менен боло турган беттеш боюнча билдирүү жасады
Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов орусиялык балбан Роман Власов менен боло турчу беттеш боюнча билдирүү жасады.
Социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүдө Акжол Махмудов жеңишке жетүү үчүн бардык күчүн жумшай турганын белгиледи.
"Роман Власов менен болгон беттеш мен үчүн тарыхый окуя болорун билем. Ошондуктан мен бул күрөшкө чоң жоопкерчилик менен карайм жана жеңишке жетүү үчүн өзүмдөн бардыгын берүүгө даярмын. Баарыңар менин карьерамдагы бул маанилүү учурга күбө боло аласыңар жана буга кубанычтамын. Билеттер сатыла баштады, сиздер да бул күрөшкө кошулуп, мени колдой аласыздар деп ишенем", - деп жазды Акжол Махмудов.
Белгилей кетсек, Роман Власов менен Акжол Махмудов 26-апрелде Алматыда күрөшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.