Ольга Лаврова: "Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3 миллиард 258 миллион долларды түзөт"
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3 миллиард 258 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин азчылык коалициясынын жыйынында каржы министри Ольга Лаврова билдирди. Министр Кыргызстан 2013-жылы сырттан жардам катары 19 миллиард сом аларын айтты. "2013-жылы Кыргызстан сырткы булактардан жардам катары 19 миллиард сом алат. Орусия карызын кечкени менен деле сырткы карыздын ички дүң продукциясы 47%дан ашпайт",- деди О.Лаврова. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Европа биримдиги Кыргызстанга сектордук тармакты өнүктүрүүгө 8,4 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкы инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн 20 миллион доллар жана Дүйнөлүк банк саясий өнүгүүнү колдоо үчүн 13,5 миллион доллар бөлүп берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

