super.kg logo

GMW: Швейцариялык бизнесмендин ийгилигинин сырлары мектеп окуучулары үчүн гана эмес, бардыгына пайдалуу

 
Юрг Стаубли Кыргызстанга болгон иш сапарында жүрүп, «Глобалдуу акча жумалыгынын» (Global Money Week) алкагында кыргызстандык мектеп окуучулары менен баарлашууга жана өзүнүн турмуштук тажрыйбасын жаш муун менен бөлүшүүгө убакыт тапты.
Юрг Стаубли - каржы, кыймылсыз мүлк, консалтинг, стартаптарды өнүктүрүү жана башка көптөгөн тармактарда чоң тажрыйбасы бар швейцариялык инвестор, ишкер жана филантроп. Жогорку экономикалык билими, MBA даражасы, маркетинг жана кыймылсыз мүлк боюнча дипломдору, Cosmopolitan University of Missouri (USA) университетинин экономика илимдеринин доктору. Ал 10 жыл мурун өлкөдө Кыргыз-Швейцариялык Банкын түзүүгө инвестиция салган швейцариялык компаниянын директору.
Швейцариялык ишкер балдардын суроолоруна жооп берип жатып, Европанын Кыргызстандыкындай кичинекей мамлекетинде, жашай турганын айтты. Ал кадимки мамлекеттик мектепте жана университетте экономист болуп окуган жылдарын, ошондой эле ата-энеси иштеген кичинекей үй-бүлөлүк азык-түлүк дүкөнүн эстеди. Мына ошондо, Юрганын айтымында, ал талыкпаган эмгексиз ийгиликке жетүү мүмкүн эмес экенин түшүнгөн.
«Мен мектепте окуп жүргөн кезде ата-энем телевизорду атайылап сатып алышчу эмес, мен мектепте жакшы окуп, китептерди да көп окучумун – жумасына 3-4 китеп. Ийгилекке дароо жеткире урган жеңил жолду ойлобогула. Банкта иштеп, дароо эле башкармалыктын төрагасы болбойсуң. Биз акырындык менен карьералык тепкичке көтөрүлүү менен ылдыйдан башташыбыз керек. "Ийгиликке жетүү үчүн үч нерсе керек. Биринчиден, бул жакшы билим. Мүмкүн болгондун баарын дайыма үйрөнүңүз. Мүмкүн болушунча көп чет тилдерин үйрөнүңүз, анткени тилдерди билүү баарлашууда гана эмес, маданияттарды жакшыраак кабыл алууда, толеранттуулукту өнүктүрүүдө жана башкалардын кандай иш жасап жатканын түшүнүүгө жардам берет. Экинчиден, бул талыкпаган эмгек. Бизде бекер түшкү тамак жок деп айтышат. Аракет кылсаңыз дайыма береке болот. Ал эми үчүнчүсү - бул мүмкүнчүлүк. Адамдын өмүрүндө ар дайым мүмкүнчүлүктөр болуп турат, бирок ошол мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай кармап калууга аракет кылуу керек. Лидер болуу сиздин ичиңиздеги нерсе. Мүмкүнчүлүктөрдү табуу үчүн аракет кылыңыз жана аны өз убагында кармап калыңыз». «Жашоо бир сызык сыяктуу - өзүңүз тандаган жолдо бекем туруңуз. Башкалар сиздин тандооңуздан күмөн санаса да, өзүңүздүн сызыгыңыздан чыкпаңыз. Жашооңузда канча жолу ийгиликке жетпей калганыңыз маанилүү эмес. Негизгиси ар бир жыгылгандан кийин туруп алдыга умтулуу”.
«Менин максатым бизнесмен болуу болгон. Бул оңой эмес, анткени ар дайым тобокелдиктер, кыйынчылыктар жана көйгөйлөр болот. Чечим чыгарууга келгенде, сиз дайыма жалгыз болосуз. Ошондуктан, сиз өзүңдүн күчтүү жактарыңызды билип, ар дайым өзүңүзгө ишенишиңиз керек. Ар дайым оптимист болууга умтулуңуз! Жана эч качан эч нерсеге өкүнбөңүз. Эч качан!





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: